Индонезиянын чыгышындагы деңизде кыйраган кеменин 15 жүргүнчүсүн издөө иштери уланууда. Чет элдик туристтер бараткан кеме ишемби күнү Флорес аралына жакын жерде чөгүп кеткен. Бортто чет элдик 20, жергиликтүү 5 киши болгон.
Балыкчылар 10 адамды куткарып калган. Алар Франциянын, Голландиянын, Германиянын, Испаниянын жана Жаңы Зелландиянын жарандары.