Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:48

Токмоктогу мунай заводдун жумушчулары акцияга чыкты

Токмоктогу мунайды кайра иштетчү заводдун курулушунда эмгектенген 30га жакын адам иш таштады. Алар айлык-акыны көтөрүүнү жана келишимде көрсөтүлгөн милдеттенмени аткарууну талап кылышууда.

Акцияга чыккандардын бири Камчыбек Нурдиновдун “Азаттыкка” билдиришинче, аларды ишке атайын жумушчу кийимдерди, бир маал тамак-ашты акысыз беребиз деген убада менен алышкан. Бирок ал милдеттенмелер аткарылбай жатат. Мындан сырткары завод жетекчилиги жумушчулардын укугун тебелеп, жаман мамиле кылат. Буга байланыштуу жетекчиликке кат жолдоп, 22-августка чейин жогорудагы талаптарды аткарууга мөөнөт чектешти.

Токмокто мунайды кайра иштетүүчү завод Кытай менен биргеликте курулууда. Аны быйыл күзүндө ишке киргизүү мерчемделип жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG