Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:26

Лавров: Украинага гумжардам жеткирүү маселеси чечилди


Орусиянын Чыгыш Украинага жөнөткөн гуманитардык жардамы боюнча маселе чечилди. Бул тууралуу бүгүн Берлинде Украина жана Кызыл Чырым эл аралык уюмунун өкүлдөрү менен өткөн сүйлөшүүнүн жыйынтыгында орус тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.

Дээрлик беш саат созулган жолугушууга Германия жана Франциянын башкы дипломаттары да катышты. Луганск жана Донецктин элине деп бир нече күн мурда жөнөтүлгөн гумжардам азыр украин-орус чек арасына жакын жерде токтоп турат. НАТО менен Киев Орусия гуманитардык акцияга жамынып алып Украинанын чыгышында аскердик операциясын жайылтышы мүмкүн деп кооптонууда. Ошондуктан 280 КамАЗга жүктөлгөн азык-түлүктү Кызыл Чырым уюму жеткирип бермей болду.

Ал эми өкмөттүк аскерлер менен жикчилер ортосундагы ок атышууну токтотуу боюнча, Лавровдун айтымында, тараптар бир пикирге келе алган жок.

XS
SM
MD
LG