Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:19

АКШ: Фергюсонго Улуттук гвардия аскерлери киргизилди


АКШнын Миссури штатынын губернатору Жей Никсон бир нече күндөн бери башаламандык токтобой жаткан Фергюсон шаарына Улуттук гвардия аскерлерин киргизүүгө буйрук берди. Шаар тургундары полиция кызматкери 18 жаштагы афроамерикалык Майкл Браунду атып өлтүргөнүнө нааразылык билдирүүдө. Окуя 9-августта болгон.

Кечээ кечинде полиция манифестанттарга каршы көздөн жаш агызуучу газ колдонууга мажбур болду.

Акцияга чыккандар Браун куралсыз болгонуна жана колун көтөрүп туруп бергенине карабай атылганын айтууда. Ал эми полиция ал күч кызматкерлерине каршылык көрсөткөнү үчүн атылганын билдирди.

Президент Барак Обама бул окуя кылдат иликтенерин убада кылган.

XS
SM
MD
LG