Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:51

Луганскта качкындар тобу өлтүрүлдү


Расмий Киевдин кабарлаганына караганда, бир нече саат мурда Луганскта орусиячыл жикчилердин аткылоосунан качкындар бараткан унаа өрттөнүп, ичиндегилердин баары мерт кетти. Көбү аялдар жана балдар. Ал эми жикчилер буга эч тиешеси жок экенин айтууда.

Бүгүн Берлинде украин кризисин жөнгө салуу боюнча Орусия, Украина, Франция жана Германиянын тышкы иштер министрлери катышкан сүйлөшүү өттү. Дээрлик беш саатка созулган жолугушууда өкмөттүк күчтөр менен жикчилер ортосундагы ок атышууну токтотуу тууралуу сөз болду. Бирок бул боюнча орток пикир табылган жок.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG