Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 20:40

Болотная аянтындагы окуя боюнча дагы төрт адам соттолду


Москванын Замоскворецк соту Болотная аянтындагы окуя боюнча дагы төрт кишиге карата өкүм чыгарды. Бүгүн судья Наталья Сусина антифашист Алексей Гаскаров менен бизнесмен Александр Марголинди 3,5 жылдан жана улутчул Илья Гущинди 2,5 жылга абакка кести. Жаза мөөнөтүн алар жалпы тартиптеги абакта өтөмөкчү.

Ал эми пенсиядагы Елена Кохтарева күнөөсүн моюнуна алып, кылган ишине өкүнөөрүн ачык айтып, саясый көз карашын өзгөрткөнү үчүн шарттуу түрдө гана соттолду.

2012-жылдын 6-майында Москванын Болотная аянтында оппозициянын акциясы учурунда полиция менен кагылышуу болгон. Буга чейин да ондогон адамдар соттолгон.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG