Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:25

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү долбоору иштелип чыкты


Бул тууралуу Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган долбоор ЮНИСЕФ менен бирге иштелип чыкты. Анын алкагында өлкө аймагындагы 60тан ашык билим берүү мекемеси тандалып алып, анда тилди үйрөтүүнүн жаңы усулдары жайылтылмакчы.

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик тилди өнүктүрбөй туруп, этностор арасындагы биримдикти камсыз кылуу мүмкүн эместигин билдирип, улуттук программа даярдоо тапшырмасын берген.Анын алкагында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүүнүн 2020-жылга чейинки улуттук программасы бекитилген болчу.(BkA)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG