Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:06

Орусияга айыл чарба продукцияларын сатуу боюнча штаб түзүлдү


Кыргызстандан Орусияга айыл чарба продукцияларын сатуу боюнча атайын оперативдүү штаб түзүлдү. Маалыматка ылайык, аталган штаб “Кыргыз-орус экономикалык кеңешинин" алкагында түзүлдү. Ал айыл чарба продукцияларын сатуу боюнча ортодогу кызматташтыкты жакшыртуу максатын көздөйт.

Буга чейин Экономика министрлиги Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияларды Орусияга сатуу боюнча атайын жумушчу топ да түзгөнүн кабарлаган.

Кыргыз өкмөтү Орусияга 30 миң тоннага жакын эт, 2 миң тоннага жакын сүт продукцияларын, 60 миң тонна жашылча, 50 миң тонна картошка сатуу мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирген. Украина кризисинен улам Орусия Батыштан айыл чарба продукцияларын сатып алууга санкция киргизген.(BkA)

XS
SM
MD
LG