Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:57

Пакистанда оппозиция активисттери камалды


Исламабаддагы анти-өкмөттүк демонстрация. 18-август, 2014-жыл.
Исламабаддагы анти-өкмөттүк демонстрация. 18-август, 2014-жыл.

Оппозициянын 150дөй активисти борбор Исламабадда премьер-министр Наваз Шарифтин өкмөтүнө каршы демонстрациялар бешинчи күнгө аяк баскан учурда камалышты. Бул маалыматты полиция ырастады.

Оппозиция лидери Имран Хан жана эскичил диниятчы Тахир ул-Кадри өлкө оюнча он миңдеген жактоочуларын борборго алып келген.

Алар премьер Наваз Шарифти былтыркы шайлоону бурмалаганы үчүн айыптап, анын өкмөтүн кулатууну көздөшүүдө.

Имран Хан бүгүн жактоочуларын Исламабаддын министрликтер менен чет элдик элчиликтер жайгашкан “кызыл зонасына” алып кирерин эскертти. Өкмөт буга жол бербесин айтууда. “Кызыл зонаны” полициянын атайын күчтөрү курчап турат.

Имран Хан менен Тахир ул-Кадринин ырастоосунда, акыркы бир аптадан бери алардын жүздөгөн жактоочулары камалган. (UE)

XS
SM
MD
LG