Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Биометрика жабдыктар Кыргызстанга алып келине баштады


Биометрикалык маалыматтарды топтоо боюнча жабдыктардын алгачкы партиясы Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлашты. Маалыматка ылайык, германиялык "Гизоке жана Девриент» компаниясынын 100 даана жабдыгы 27-августтан тарта калктан биометрикалык маалыматтарды топтоого колдонулат.

Дагы 190 даана аппарат август аягына чейин алып келинсе, калган 700ү сентябрдын аягына чейин ташылмакчы.

Кыргызстандагы 2015-жылы өтчү парламенттик шайлоону ачык-айкын өткөрүү үчүн биометрикалык каттоого өтүү каралган. Бул жараянды президент Алмазбек Атамбаев сентябрга калтырбай баштоону тапшырган. Бул үчүн атайын тендер өткөрүлүп, ага 16 компания катышкан. Анын ичинен германиялык "Гизоке жана Девриент» компаниясы тандалып, кыргыз өкмөтү менен тиешелүү келишим түзүлгөн.(BkA)

XS
SM
MD
LG