Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:23

Ирак күчтөрү Тикритти согушкерлерден бошотуу операциясын баштады


Исламчыл согушкерлер Тикритте. Июль, 2014-жыл.
Исламчыл согушкерлер Тикритте. Июль, 2014-жыл.

Коопсуздук өкүлдөрүнүн айтымында, алар шаарга батыштан жана түштүктөн чабуул койгону жатышат.

Борбор Багдаддан 140 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Тикритти “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери июнда басып алган.

Ирактын күчтөрү шаарды кайра алууга өткөн айда да аракет жасашып, бирок операция оңунан чыккан эмес.

АКШ президенти Барак Обама кечээ Мосулдагы ГЭСтин Ирактын жана күрттөрдүн күчтөрү тарабынан ээленишин “согушкерлер менен күрөшүүдө алдыга көздөй өтө маанилүү кадам” болду деп сыпаттады.

Ирактын түндүгүндөгү бир топ аймактарды басып алган исламчыл согушкерлердин турумдарына АКШ абадан сокку урууга өткөн айдын соңунан тарта киришкен.

Бул аралыкта БУУнун Качкындар агенттиги Ирактын түндүгүндөгү уруштардан улам жер которууга аргасыз болгон жарым миллион кишиге жардам чогултуу боюнча ири операция баштаганын жарыялады. (UE)

XS
SM
MD
LG