Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Чечен президентинин кеңсеси чөнтөк телефон жоголгонун төгүндөдү


Рамзан Кадыров этнографиялык музейдин ачылышында. Герменчук, 16-август, 2014-жыл.
Рамзан Кадыров этнографиялык музейдин ачылышында. Герменчук, 16-август, 2014-жыл.

Мунун алдында Чеченстандан түшкөн маалыматтарда президент Рамзан Кадыровдун жоголгон уюлдук телефонун табуу аракетинде полиция миңден ашуун кишиге тинтүү жүргүзүп, суракка алганы айтылган.

Бирок Кадыровдун басма сөз катчысы бул кабарларды “калп” деп атап, президенттин эки уюлдук телефону тең столунда турганын белгиледи.

Кабарларда Кадыров уюлдук телефонун 16-августа Герменчук деген кыштакта, этнографиялык музейди ачуу салтанаты учурунда жоготкону, мындан кийин фестивалдын коноктору, анын ичинде жаш балдар да тинтүүгө алынганы көргөзүлгөн.

Жергиликтүү бийликтер музей ачылышына келгендердин тизмесин полицияга берип, алар полиция бөлүмүнө чакыртылып, айрымдары таң атканча кармалганы маалымдалган. (UE)

XS
SM
MD
LG