Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:25

Кыргыз-өзбек чек арасында чатак боюнча эки өлкө өкүлдөрү жолукту


Өткөн түнү ок атылып, бир адам каза болгон окуя боюнча Кыргызстандын жана Өзбекстандын чек ара кызматтарынын өкүлдөрү жолукту. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жолугушуу "Вуадил” өткөрмө бекетинде болду. Анда кыргыз чек арачылары орун алган окуя боюнча маалымат беришти. Жыйынтыкта окуяны эки тарап өз алдынча иликтөө чечимин кабыл алышты.

Учурда окуя болгон жерде ыкчам тергөө топтору ишти баштады.

19-августта кыргыз-өзбек чек арасында мыйзам бузуу катталып, ал ок атуу менен коштолду. Буга Кадамжай районунун Орто - Ынтымак айылы туштан белгисиз 20-25 адам Кыргызстандан Өзбекстанды көздөй кездеме таңгактарын мыйзамсыз алып өтүп жаткандыгы себеп болгон. Чек ара күзөтчүлөрүнүн токтотуу аракетине белгисиз адамдар таш ыргытып жооп беришкен. Натыйжада оор жарааттан өзбекстандык бир жаран мерт болуп, калгандары чек арадан өтүп, качып кетишкен.

Окуя маалында кыргызстандык эки чек арачы жараат алган. Алар бүгүн ооруканага жаткырылды, абалы орто.(BkA)

XS
SM
MD
LG