Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:58

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» кербени башталат


Кыргызстанда 20-августтан тарта «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» аттуу кербен башталат. Бул тууралуу кербенди уюштуруп жаткан “Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду кабарлады. Маалыматка ылайык, анын алкагында белгилүү адамдар өлкө дубандарын кыдырып, бөбөктөргө жомок окуп берет. Кербен балдар үчүн жана балдар менен бирге китеп окуунун маанилүүлүгүн түшүндүрүү жана бул ыкманы өлкөнүн бардык аймактарына жайылтуу максатын көздөйт.

“Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду бул кербенди былтыр да ишке ашырган. Быйыл иш-чара ЮНИСЕФтин «Кенже курактагы балдар үчүн китеп окууну алга илгерилертүү» долбоорунун алкагында уюштурулуп жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG