Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:08

Газа секторунан Израилге үч ракета атылды


Бул тууралуу Израил армиясы билдирди. Армия өкүлдөрүнүн айтымында, атылган ракеталар түштүктөгү Биршиба шаарына жакын ачык аймакка түшкөн.

Израил бийликтери армияга дароо жооп берүүнү тапшырды. Бул ок атышууну токтотуу боюнча утурумдук макулдашуу бузулду дегенди билдирет.

Кечээ эле израилдик жана палестиналык чабармандар узак мөөнөткө эсептелген келишим шарттарын иштеп чыгуу үчүн утурумдук макулдашууну 24 саатка узартышкан. Сүйлөшүүлөргө Египет ортомчулук кылууда.

Израил ХАМАС кыймылы көзөмөлдөгөн Газадан ракета атууларды токтотуу жүйөсү менен 8-июлда баштаган операция учурунда 2000ге жакын палестиндин өмүрү кыйылды. Израил 67 жаранын жоготту, алардын үчөөсү аскерлер. (UE)

XS
SM
MD
LG