Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:12

Лугансктын ичинде уруш жүрүүдө


Бул тууралуу украин бийликтери билдирүүдө.“Лугансктын бир району бошотулду. Көчө уруштары шаардын борборунда жүрүүдө”,- деди Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин өкүлү Андрей Лысенко.

Луганск - Украинанын орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөп келген эки ири шаарынын бири.

Жикчилердин өкүлү Орусиянын “Интерфакс” агенттигине украин күчтөрү Лугансктын борборун артиллериядан аткылашканын, бирок шаардын борборунда уруш жоктугун айткан.

Киевдеги бийликтердин ырастоосунда, өкмөттүк күчтөр Донецктин жанынан дагы бир шаарчаны ээлөө менен Донецкти курчоону да күчөтүштү.

Украин бийликтери бүгүн качкындар кербенине орусиячыл жикчилер ок аткан жерден азырынча 15тей кишинин сөөгү табылганын да айтып чыгышты.

Орусиячыл жикчилер болсо расмий Киевдин качкындарды алар атты деген ырастоолорун “нагыз пропаганда” деп четке кагууда. (UE)

XS
SM
MD
LG