Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:19

Ооганстан: Логардагы чабуулга жүздөгөн талип согушкери тартылды

Кабулдун түштүк тарабында жайгашкан бул провинциянын губернатору Ниаз Мохаммад Амиринин билдиргенине караганда, Талибандын 700дөй согушкери аймакты узакка  камалоого даяр тургандай.

Провинциядагы Чарх районунун башчысы Абдул Валинин айтымында, Талибандын  жүздөгөн согушкерлери көзөмөл бекеттерге кечээ түнү  чабуул  койгон. Алар  менен  коопсуздук күчтөрүнүн  урушу  бүгүн  да  уланууда. Атышууларда 20дай  согушкер жок кылынды.

Логар провинциясындагы Чарх районуна талиптер чабуул  койгонун Талибан кыймылынын басма сөз катчысы Забихулла Мужахид ырастады. (UE) 

XS
SM
MD
LG