Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:36

Батыш Африкада эбола курмандыктары өсүп жатат


Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму эбола тумоосунан каза тапкандардын саны 1129 кишиге жеткенин кабарлады. Ооруну жуктуруп алган 2240 киши бейтапканаларда жатат. Вирус Гвинея, Либерия, Сьерра-Леон жана Нигерия мамлекеттеринде жайылууда.

Азырынча ооруга каршы дары табыла элек, вирусту жуктургандардын 90 пайызы өмүр менен кош айтышууда. Адистердин айтымында, илдет кан жана организмдеги башка суюктуктар аркылуу адамдан адамга жугат.

XS
SM
MD
LG