Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:59

Премьер Оторбаевдин жаңы кызматы тууралуу маалымат төгүндөлдү


Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын вице-президенттигине арыз бергени тууралуу маалымат чындыкка жатпайт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат бөлүмүнүн башчысы Гүлнура Торалиева “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, мындай маалыматтар кимдир бирөөнүн оюнан чыгарылган:

- Бул маалымат таптакыр чындыкка коошпойт. Ал мындай маалыматтарды таратып жаткан адамдарга деле абийир алып келбейт, -деди Торалиева.

Буга чейин укук коргоочу Токтайым Үмөталиева Оторбаевдин Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын вице-президенттигине арыз бергенин, ал жакында өкмөт башчылыктан кетиши мүмкүн экенин билдирип чыккан.(BkA)

XS
SM
MD
LG