Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:45

Ахмед Даудоглу Режеп Тайип Эрдогандын ордун ээлейт

Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Даудоглу башкаруучу Адилеттик жана өнүгүү партиясы - АКПнын төрагасы. Анын премьерлик орунга дайындалары тууралуу президенттик мөөнөтү аяктап жаткан Абдулла Гүл 19-августта Анкарада өткөн коштошуу аземинде журналисттерге айтты.

АКПнын азыркы төрагасы, премьер-министр Режеп Тайип Эрдоган августтун башында президент болуп шайланган. Эрдоган Түркиянын жалпы эл шайлаган биринчи президенти болду. Ал тактыга 28-августта отурат жана анын алдында партия лидерлигинен кетүүгө тийиш. Партиянын төрагалыгына Эрдогандын жакын союздашы Даудоглу шайланат деген кеп-сөздөр кийинки кезде күчөдү. Партиянын жаңы төрагасы АКПнын 27-августтагы курултайында шайланат деп мерчемделүүдө.

XS
SM
MD
LG