Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Депутаттар тобу Орусиядагы мигранттардын абалын көргөнү кетти


Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү” депутаттык тобунун өкүлдөрү Бакыт Төрөбаев, Тынчтык Шайназаров жана Мирлан Бакиров он күндук иш-сапар менен Орусияга кетти. Алар 20-29-август күндөрү Новосибирск, Красноярск, Иркутск, Улан-Удэ жана Чита шаарларында болуп, ал жактагы кыргызстандыктар менен жолугат. Бул тууралуу депутаттык топтун маалымат кызматы кабарлады. Эл өкүлдөрү мигранттар менен Федералдык миграция кызматынын ортосундагы алаканы, Кыргызстандан баргандар негизинен кайсыл көйгөйлөргө тушугарын көрүп келишет. (SE)

XS
SM
MD
LG