Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:01

Онкологиялык дартка чалдыккандардын жакындары окутулат


“Ракка каршы!” коомдук кыймылына мүчө бейөкмөт уюм өкүлдөрү оорулуу кишилердин жакындарына адам укуктарын үйрөтөт. Сентябрь айына белгиленген окууга Беларустан атайын адис чакырылган. Ал дартка чалдыккан адамдын жана анын жакындарынын укуктары боюнча эл аралык нормаларды окутат. Семинардын чыгымдарын кыймылга бириккен уюмдар төлөйт. Бул тууралуу “Азаттыкка” уюштуруучулардын бири - “Эргене” коомдук фондунун жетекчиси Таалайгүл Сабырбекова билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда көп учурда оорулуулар өз укугун коргой албагандыктан дарыгерлерге мыйзам негизинде талап койгонду билбейт.

“Ракка каршы!” кыймылынын эсебинде, жыл сайын Кыргызстанда 6000ге чукул адам бул илдетке чалдыгат. Жарандык активисттер оорунун көбөйүшүнө анын алдын алуучу улуттук программанын жок экендигин, адистердин аздыгын жана дарыгерлер тарабынан көп учурда оорулууга кайдыгер мамиле жасоо аракеттерин себеп кылып көрсөтүшөт. (SE)

XS
SM
MD
LG