Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:30

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» кербени Ысык-Көлдө

“Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фонду уюштурган кербен Ысык-Көл облусуна жетти. Анын алкагында белгилүү адамдар өлкө дубандарын кыдырып, бөбөктөргө жомок окуп берип жатат.  Иш-чарага экс-президент Роза Отунбаева да катышууда.

Облустагы алты китепканада өтүп жаткан кербендин максаты - балдарга китеп окуунун маанилүүлүгүн түшүндүрүү жана бул ыкманы өлкөнүн бардык аймактарына жайылтуу.

“Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду бул кербенди былтыр да ишке ашырган.(MK/BkA)

 

XS
SM
MD
LG