Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:06

Газада Израилдин аба соккуларынан сегиз адам мерт кетти


Бүгүн таңда Израилдин аба соккуларынан Газа тилкесинде сегиз палестиналык набыт болду. Алардын үчөө ХАМАСтын таасирдүү талаа командирлери экенин аталган уюмдан билдиришти.

Кечээ БУУнун Коопсуздук кеңеши Газада кайра жанданган согуштук операцияга камтамасын билдирип, эки тарапты туруктуу жана узакка созулган элдешүүгө алып келген сүйлөшүүгө чакырды.

8-июлда Израил армиясы Газадагы операциясын баштагандан бери 2 миңден ашуун палестиналык өлдү. Алардын көбү карапайым жарандар. Израил тараптан 67 адам, анын ичинде үч жоокер набыт болгону кабарланды.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG