Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:45

Пакистанда миңдеген адамдар премьердин отставкасын талап кылууда


Пакистандагы саясий кризиске байланыштуу өлкө премьер- министри Наваз Шариф бүгүн депутаттардын алдында билдирүү жасайт.

Учурда Исламабаддагы парламенттин алдында миңдеген нааразылар Шарифтин отставкасын талап кылышууда.

Антиөкмөттүк жүрүштү өлкөдөгү үчүнчү ири саясий партия – “Техрик - и - Инсаафтын” лидери, мурдагы крикет жылдызы Имран Хан менен эскичил диниятчы Тахир ул-Кадри жетектөөдө.

Пакистан расмийлери кабарлагандай, Шарифтин бүгүнкү билдирүүсүнөн кийин өкмөт мүчөлөрү Хан жана ул-Кадирдин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасына отурушат.

Имран Хан менен Тахир ул-Кадри өкмөт башчысы Наваз Шарифти былтыркы жалпы элдик шайлоодо добуштарды бурмалап, өкмөт башына келди деп күнөөлөшүүдө.

XS
SM
MD
LG