Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын курулушчулар ассоциациясынын төрагасы Аскарбек Молдобаев билдирди. Анын айтымында, электр энергиясына чектөө киргизилсе, өлкөдө жүрүп жаткан көпчүлүк курулуштарды токтотууга мажбур болот
- Мындай чечим биз үчүн трагедия. Курулушта электр энергиясыз эч кандай иш жүрбөйт. Курулуш токтосо, бул тармакта иштеп жаткан 20 миңге жакын адам жумушсуз калат, - деди Молдобаев.
Кыргыз өкмөтү 1-октябрдан тарта жарым жылга электр энергиясын колдонууну 30 пайызга кыскартарын жарыялаган. Ага ылайык, электр жарыгын жылуулукка жана курулушка колдонууга тыюу салуу каралган.(BkA)