Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:34

Оторбаев Бажы биримдигинин келишимин тездетүүнү тапшырды


Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Бажы биримдигине кошулуу келишимдерин иштеп чыгууну тездетүүнү буйруду. Мындай тапшырманы өкмөт башчы Бажы биримдиги жана Евразия экономикалык мейкиндигине кошулуу боюнча комиссиянын жыйынында берди. Жыйын жүрүшүндө Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусу боюнча “жол картанын” долбоору талкууланды. Өкмөт башчы биримдикке кошулуу боюнча аз гана убакыт калганын белгилеп, мындай жыйын апта сайын өтөрүн билдирди.

29-майда Евразия экономикалык шериктештигинин Астана саммитинде Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча "жол картасы" кабыл алынган. Анда президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан жыл аягына чейин Бажы биримдигине кошулуу ниетин билдирген.(BkA)

XS
SM
MD
LG