Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:48

Атамбаев Жапониядагы жер көчкүгө байланыштуу көңүл айтты

Президент Алмазбек Атамбаев Жапониянын Хиросима шаарындагы жер көчкүгө байланыштуу аталган өлкөнүн премьер-министри Синдзо Абэге көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Мамлекет башчысы каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жабыркагандарга тезирээк сакайып кетишин каалады.

Жапониянын түштүк-батышындагы көчкү 30га жакын кишинин өмүрүн кыйды. Дагы 9 адам дайынсыз. Хиросима аймагында эки күн мурда болгон күчтүү жамгырдан кийин жер көчүп, ондогон үйлөр жарактан чыккан.(BkA)

 

XS
SM
MD
LG