Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:19

Орусия айыл чарба продукциясын үзгүлүктүз жеткирүү шартын коюуда


Орусия Кыргызстанга азык-түлүк продукцияларын туруктуу жана үзгүлтүксүз жеткирип туруу шартын коюуда. Бул тууралуу Орусиянын Соода өкүлчүлүгүнүн башчысы Владимир Некрасов билдирди. Анын айтымында, Орусия Кыргызстандан мөмө-жемиш, эт-сүт продукциясын сатып алууга кызыкдар. Бирок кыргыз тарап үзгүлтүксүз жеткирүү милдеттенмесин алышы керек.

Некрасов кошумчалагандай, ушул апта Кыргызстандан Орусияга айыл чарба продукцияларын сатуу боюнча атайын оперативдүү штаб түзүлдү. Ал айыл чарба продукцияларын сатуу боюнча ортодогу кызматташтыкты жакшыртуу максатын көздөйт.

Кыргыз өкмөтү Орусияга 30 миң тоннага жакын эт, 2 миң тоннага жакын сүт продукцияларын, 60 миң тонна жашылча, 50 миң тонна картошка сатуу мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирген. Украина кризисинен улам Орусия Батыштан айыл чарба продукцияларын сатып алууга санкция киргизген.(BkA)

XS
SM
MD
LG