Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:55

Ирак аскерлери жана пешмаргелер алга жылууда


Ирактын өкмөттүк күчтөрү жана күрт аскерлери-пешмаргелер Ирактын түндүгүндөгү эки шаарды “Ислам мамлекети” уюмунун согушчандарынан бошотуу операциясын баштады. Авиация колдогон аскерлер Күрт автономиясынын Ирандын чек арасына чукул Саадия шаарын көздөй алга жылып жатканын Батыш булактары Ирактын коопсуздук кызматтарына шилтеп кабарлашты.

АКШнын аба күчтөрү колдогон өкмөттүк күчтөр Жалаула шаарынын чыгыш капталындагы районду ээлешкени да маалымдалды. Жалаула шаары Багдаддан 115 чакырымдай түндүк чыгышта жайгашкан.

“Ислам мамлекетти” жана суннилердин согушчандары Ирактын түндүгүндө жана батышында ээлеген аймактарды жүз миңдеген адамдар таштап качкан. Алардын көбү Түндүк Иракта убактылуу башпаанек табышты.

XS
SM
MD
LG