Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:32

Ош: Аялдар арасында рак оорулары көбөйдү


Оштогу облусундагы Онкология борборунда аялдардын көкүрөк рагын бир эле күндө аныктоочу аппараттар менен жабдылган бөлүм ачылды.

Заманбап жабдыктар Түркия өкмөтү тарабынан сатылып берилген. УЗИ жана маммограф аппараттарынын жалпы баасы 8,5 млн. сомду түздү.

Борбордун жетекчиси Абакир Эсенбаевдин “Азаттыкка” маалымдашынча, облуста ракка кабылган аялдардын саны өсүүдө. Бул илдетке кабылгандар саны жагынан жалпы оорулардын ичинен төртүнчү орунда турат. Борбор жетекчисинин билдиришинче, буга чейин ар бир аялдын эмчек безинин абалын аныктоого үч-төрт күн керектелген.

Өлкө түштүгүн бүт тейлеген бул борбордо өткөн жылы көкүрөк безине 270 операция жасалган. Илдеттин кесепетинен Ош облусунда 32 аял каза тапкан, дагы 328 аялдын шишик дарты менен ооруп жүргөнү аныкталган. (YI)

XS
SM
MD
LG