Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:13

Ангела Меркел расмий иш-сапары менен Киевге келди


Германиянын канцлери Ангела Меркел Украинанын чыгышындагы кагылышты токтотууну жана бул өлкөгө жардам көрсөтүү тууралуу сүйлөшүү үчүн бүгүн Киевге расмий иш-сапары менен келди.

Мурда Меркел Украинадагы абалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу зарылдыгын, маселени аскерий жол менен чечүү мүмкүн эместигин айткан. Украинанын тышкы иштер министринин орун басары Даниил Лубковский Меркелдин сапарын “Украинага тилектештик коңгуроосу” деп мүнөздөгөн.

Визит учурунда канцлер айым украин президенти Петро Порошенко, өкмөт башчысы Арсений Яценюк, Киев, Донецк жана Львов шаарларынын мэрлери, Крым татарларынын өкүлдөрү менен жолугат деп айтылууда.

Бүгүн Германиянын вице-канцлери Зигмар Габриэл Украинаны федералдаштыруу өлкө бүтүндүгүн сактап калуучу мыкты жол экенин айтып чыккан. Мурдараак украин бийлиги Орусия жетекчилеринин ушундай чакырыктарын кабыл албай келген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG