Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:46

Бейиштей жерде жашап, абийир саткан уят


Кыргызстан. Ысык-Көлдүн күзгү көрүнүшү.
Кыргызстан. Ысык-Көлдүн күзгү көрүнүшү.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Кымбаттуу менин мекендештерим!

Жаш, кубаттуу, кооз жана эгемендүү өлкөбүздүн 23 жашка толушу менен Сиздерди чын жүрөктөн куттуктайм.Өлкөбүздүн ушул курагы менин көз алдыма 23 жашка толгон жигиттей тартылып турат. Ошол жигит сымал Ата Мекенибиздин да жашай турган күнү, өнүгө турган мезгили, өз алдынча ой жүгүртүп, иш алып барар мезгили келип калды. Эгемен Кыргызстаныбыздын потенциалы чоң, буга ар бириңиздерди терең ишенүүгө чакырам.

Өлкөбүз ушул күнгө чейин көрбөгөн түйшүктү, тартпаган азапты тартты. Эки чоң кризиске учурап, экономикалык көрсөткүч беш жылдан он жылга чейин артка кетти. Ал арада ийгиликтер да болбой койгон жок, бирок көңүл жылытаарлык эмес. Ушул тушта сиз, биз жашап жаткан өлкөнүн экономикасы, чынында, кыйын акыбалда. Кечирип койгула мекендештерим, бирок өлкөбүз ар кимдин колун караган ач итке окшоп калды. Аны ар бир жаран түшүнүү менен кабыл алып, жөн териси менен сезүүгө тийиш. Ал эми мамлекеттик кызматтарды аркалаган адамдар карапайым элден беш–он эсе көбүрөөк сезсе, бийлик башындагылар ошону ойлоп, жоопкерчиликтин айынан тынч, ырахат алып уктабашы керек. Бексултан Жакиев агабыз айткандай ар бир жаран, "Менин азабым - Кыргызстандын азабы, Кыргызстандын азабы - менин азабым Менин жыргылчылыгым - Кыргызстандын жыргалчылыгы, Кыргызстандын жыргалчылыгы - менин жыргалчылыгым” - деп жашасак, мен ойлойм бат эле ирденебиз.

Эгемендүүлүктө өлкөнүн коопсуздугу биринчи орунда турат. Чек арада болуп жаткан окуялар Ата Журтубуздун эгемендигине доо кетирип, элибиздин тынчтыгын бузбашы керек. Азыркы учурда бүткүл дүйнөдө жер, суу тартыш экенин баарыбыз билебиз. Ошондуктан башка мамлекеттер Кыргызстанга көз артып турганы эч кимге жашыруун эмес, жадагалса, күн сайын эки метр ичкери кирип келе жатат. Муну байкаган, ал тургай кызыккан чиновник жок. Өз жерибизге өзүбүз ээ чыгып, жол кура албасак, өлкөбүздүн ичиндеги анклавдарга көз каранды болуп, алардан коркуп турсак, мамлекетибиздин алсыздыгынан кабар берет. Ойгонгула кыргыз элим, ойгонгула! Бейиштей болгон жерибиздин кадырын билелик. Эртең кеч болуп калбасын. Бир кыргыздын айынан бардык кыргызстандык азап тартып калбасын.

Кыргызстанда жашаган ар бир жаран татыктуу жашоого акысы бар. Анткени өлкөбүз географиялык жактан алып караганда суусу мол, кен байлыктарга бай, өзгөчө туризм тармагына ыңгайлашкан жерде жайгашкан. Бул кен байлыктардын, суулардын күнүн инвесторлор көрбөшү керек. Ал бүтүндөй кыргыз элиме таандык. Ушундай бай мамлекеттин жараны кайыр-садака сурап жол боюнда отуруп, чет жактан бакыт издеп, акчага абийирин сатып жүргөнү уят иш. Кыргызстан дегенде ар бир адамдын оюна өнүккөн, тынч жана меймандос өлкө келиши абзел.

Илимдүү-билимдүү, эрктүү, арам менен адалды ажырата билген, күнөө иш кылгандан корккон жаштар өсүп, коомго, саясатка аралаша баштады. Мына ушулардын арасында И.Раззаков, Ж.Абдырахманов, А.Сыдыков жана А.Орозбековго окшогон мекенчил, улутун сүйгөн адамдар да толтура. Мекенибиз ушуларга суусап турган чагы. Убакыт келет мына ушулар өлкөбүздү болуп көрбөгөндөй өзгөртөт.

Урматтуу Кыргызстандыктар! Эгер биз өнүккөн, дени сак, бай, келечеги кең өлкөдө жашагыбыз келсе, анда ушул мүнөт, саат, күндөрүбүздү жаркын келечек үчүн жумшайлы.Таттуу мөмө-жемиш жеш үчүн, мээнет кылып, маңдайдан тер агызуу керек эмеспи. Ошол сыңары, биз жана биздин урпактарыбыз жыргал, тынч, көз карандысыз жашаш үчүн биз дагы мээнет кылып, тер төгүүбүз зарыл.

Эгерде сен өз ишиңе кечикпей барып, ишиңди так аткарып, паракорчулукту оюңа да албай, ак иштесең анда ошол сенин мекениңе кошкон эң чоң салымың. Ар бирибиз күнөөдөн алыс болуп, акты ак деп, сен түштүксүң же түндүксүң дебей жашайлы. Эч ким туулган жерин тандап же акчага сатып алып туулган эмес. Ал бир гана Алланын буйругу. Ушунун баарын унутпай жашасак, Кыргызстандын келечеги алдыда. Дагы бир жолу майрамыңыздар менен. Рахмат.

Нуралы Арзыматов

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 2-курсунун студенти.

XS
SM
MD
LG