Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:14

Баткен: айланма жолдун курулушу уланууда


Баткендеги тажик айылдарын айланып өтчү Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жолунун курулушу уланып жатат. Жол курулушун тездетүү үчүн ушул аптада кошумча техника тартылды. Мындай маалыматты Баткен райондук акимчилигинен “Азаттыкка” билдиришти. Аталган жолго альтернативдүү жол катары Рават - Ак-Сай жолун талапка ылайык оңдоо үчүн да кошумча каражат бөлүнөрү күтүлүүдө.

Курулуш жүрүп жаткан Ак-Сай айылындагы коопсуздукту милиция кызматкерлери көзөмөлдөп жатат.

Жалпы узундугу 25 чакырымдай Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жолунун курулушу былтыр апрель айында башталган. Бирок тажик тараптын каршылыгынан улам курулуш токтоп, бир нече жолу жаңжал чыккан. Акыркы жолу 10-июль күнү эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда куралдуу кагылышуу катталган. (JsA/BkA)

XS
SM
MD
LG