Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:22

Кыргызстанда сегиз ишкананын гана сүт экспорттоого укугу бар


Кыргызстанда иш алып барган 34 сүт заводдун сегизи гана чет өлкөгө сүт азыктарын экспорттоого уруксат алган. Бул тууралуу Экономика министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, калган заводдор продукциясынын сапатын аныктай турган сертификаттарды алган эмес. Мындан улам өз азыктарын өлкө сыртына сатууга мүмкүнчүлүгү жок. Орусияга айыл чарба продукцияларын экспорттоону көздөп турган шартта бул сүт заводдорун тиешелүү текшерүүдөн өткөрүп, сертификат алышы зарылдыгын министрлик эскертип жатат.

Кыргыз өкмөтү Орусияга 30 миң тоннага жакын эт, 2 миң тоннага жакын сүт продукцияларын, 60 миң тонна жашылча, 50 миң тонна картошка сатуу мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирген. Украина кризисинен улам Орусия Батыштан айыл чарба продукцияларын сатып алууга санкция киргизген.(BkA)

XS
SM
MD
LG