Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:03

Киевде аскердик парад өттү


Бүгүн Украина эгемендигинин 23 жылдыгын Киевде аскердик парад менен белгилеп жатат. Буга карата Киевдеги Майдан деген аталыш менен белгилүү Төбөлсүздүк аянтында аскердик парад өттү. Ага өлкө президенти Петро Порошенко баштаган жетекчилер катышты. Порошенко аскердик парадда сүйлөп жатып, 2015-17-жылдары армиянын курал-жарагын жаңыртууга 3 миллиард доллар жумшалаарын билдирди. Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, армияга учурда 1,5 миллиард доллар жумшалат.

Быйылкы эгемендик майрамы өлкө чыгышында өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл жикчилдердин салгылашы жүрүп жаткан маалга туш келди. Киевде майрамдык иш-чаралар өтүп жатканда Донецк жана Луганск облустарында аскердик операция уланып жатты. Анын алкагында Донецктин борборундагы оорукана имаратына снаряд түшкөнү кабарланды. Алдын ала маалыматтар боюнча, андан жабыркагандар болгон эмес.

XS
SM
MD
LG