Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Иран Израилдин учкучсуз учагын атып түшүргөнүн билдирди


Ирандын маалымдоосуна караганда, 24-августта Израилдин учкучсуз учагы Ирандын Натанзадагы өзөктүк борборуна жакын жерде атып түшүрүлдү. Ал Ирандын борбордук бөлүгүндө жайгашкан өзөктүк объектке жакындап барып, тыңчылык кылууга аракет жасаган. Израил тараптан бул окуяга карата эч кандай реакция жасала элек.

Натанзада уранды байытуучу центрафугалар жайгаштырылган. Иран анын өзөктүк программасы тынчтык максатта экенин билдирип келатат. Израил Иран өзөктүк курал жасоого умтулууда деп, анын бул багыттагы объекттерин бомбалай турганын билдирип келатат. (AiT)

XS
SM
MD
LG