Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, 25-августта биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев биометрикалык маалыматтарды топтоону баштоого даярдык боюнча кеңешме өткөрөт.
27-августта мамлекеттин жетекчилери биринчилерден болуп биометрикалык маалыматтарын тапшырат. Андан кийин Кыргызстан калкынын биометрикалык маалыматтарын топтоо жараяны массалык түрдө жүргүзүлө баштайт. Ал келерки жылдын август айына чейин созулары кабарланган. (AiT)