Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:02

Арашан айылында өрт өчүрүлө элек


Бул туурасында “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекилов билдирди. Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылындагы Кара-Кыя тоосунда өрт 23-август күнү тутанган. Алдан ала маалыматтарга караганда, азыр 15-20 гектарга чукул жер күйүп жатат. Өрттүн себептери тактала элек. Ушул тапта ал жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигин куткаруучулары, Коргоо министрлигинен аскерлер жана жергиликтүү тургундар иштеп жатышат.

Аталган аймакта буга чейин 14-15 август күндөрү дагы өрт чыгып, өчүрүлгөн болчу. (AzK)

XS
SM
MD
LG