Бул туурасында “Азаттыкка” Борбордук Азия мамлекеттериндеги адам укуктары боюнча конгресстин координатору Турсунбек Акун билдирди. Турсунбек Акун Элнур Сардаловдун ата-энесинин кайрылуусу боюнча бир апта Түркия мамлекетинде болуп, Элнур Сардалов боюнча чогултулган документтерди башкы консулдуктун жардамы менен Стамбулдун прокуратурасына тапшырган. Эми алар издөө иштерине жардамдашат.
Жакында 2012-жылдын 9-декабрында Египеттен билим алам деп кеткен боюнча дайынсыз кеткен 28 жаштагы Токмоктун жашоочусу Элнур Сардаловдун ата-энеси аны издеп табууга жардам сурап, президентке кат жолдошкон болчу. Элнур Сардалов акыркы жолу 6-август күнү СМС аркылуу Орусиядагы эжесине байланышка чыгып, жакында Сирияга согушка аттанаарын билдирген.
УКМКнын маалыматы боюнча Сирияга аттанган кыргызстандыктардын саны жүзгө жакындаган. (AzK)