Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров бул тууралуу бүгүнкү басма сөз жыйында билдирди.
Лавровдун айтымында, Орусия Украинага бул ниетин кабарлады, Москва Киевден так жана ыкчам кызматташтык болот деп күтөт.
Орус тышкы иштер министри белгилегендей, Украинанын уруш жүрүп жаткан чыгышында “гуманитардык кризис уланууда” жана жардамдын жеткирилишин созууга убакыт жок.
Өткөн аптада Орусия Украинага жүк тарткан кербенин украин өкмөтүнүн уруксатысыз жана Кызыл Чырым уюмунун коштоосу жок киргизгенде, расмий Киев менен Батыштын сынына кабылган.
Украин бийликтери ал унаалар орусиячыл жикчилер үчүн курал –жарак алып келип, Украинадан коргонуу өндүрүшүнүн продукцияларын алып кетиши мүмкүн деп тынчызданган.
Бирок орус тышкы иштер министри Сергей Лавров гумжардам жеткирген КамАЗдар бош кайтты деп ырастады. (UE)