Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:47

“Электрондук өкмөт” долбоорун ишке ашырууга каражат бөлүнө элек


Бул тууралуу “Азаттыкка” транспорт жана байланыш министринин орун басары Дүйшөнбек Абдылдаев билдирди. Анын айтымында, бул долбоорду ишке ашыруу боюнча стратегияны Экономика министрлиги башка министрликтер менен биргеликте даярдап, өкмөткө сунуштаган. Стратегияны өкмөт жактырып, аны токтом менен бекитип бергенде гана иш алдыга жылышы мүмкүн. Азырынча стратегия өкмөттөн чыга элек.

“Электрондук өкмөт” долбоору мамлекеттик мекемелер ортосундагы документ алмашууну, жарандарга кызмат көрсөтүүнү маалыматтык технологиялар аркылуу жүргүзүүнү көздөйт. (AzK/EBM)

XS
SM
MD
LG