Учурда Бишкек шаарынын борборунда жер алдындагы өткөөлдөрдө, гүлбактарда азыноолак акчага адамдын бейнесин тарткан сүрөтчүлөр көп кездешет. Жаш сүрөтчүлөр арасында портрет жанрын коммерциялык максатта эмес өз чыгармачылыгы катары баалап, иштеп жаткандар да бар. Мисалы, сүрөтчү-живописчи Максат Монолдоровдун жетишкендиктери негизинен портрет жанры боюнча. Ал “Салим Карабековдун портрети” деген эмгеги менен Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгын алган.
"Кыргыз “Мона Лизасын” жараткым келет"
1
"Бала эмизүү". Автор бул сүрөттө өзүнүн келинчеги менен уулу экенин айтат.
2
"Толгонай" 2014-жылы тартылган.
3
Композитор Жумамүдүн Шералиевдин портрети.
4
"Ыманбаев Шекербектин портрети"
5
Нурлан Осмоновдун портрети.
6
Манасчы Рыспай Исаковдун портрети.
7
Салим Карабековдун портрети. Автор ушул эмгеги менен Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгын алган.
8
"Насият" - сүрөттөгү кыз автордун бир тууган карындашы.
9
"Аян"- сүрөттө манасчы Талантаалы Бакчиев.
10
Сүрөтчү-живописчи Максат Моңолдоров 1984-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Учурда Тургунбай Садыков атындагы сүрөтчүлөр академиясында эмгектенет.