Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:34

Жапония Орусияны өч алганы үчүн сындады


Жапон өкмөтүнүн баш катчысы Йошихиде Суга Москванын “чечимин абдан өкүнүчтүү” деп атап, ал эки тараптуу кызматташтыкка "терс кесепетин" тийгизерин белгиледи.

Расмий Москва Жапониянын Орусияга кирүүгө тыюу салынган жарандарынын тизмесин элчи Тикахито Харадага өткөн аптада тапшырган. Бирок тизме ачыкка чыккан эмес.

Украин кризисине байланышкан санкциялардын алкагында Жапония апрелде 23 орусиялыктын, анын ичинде өкмөт өкүлдөрүнүн өлкөгө киришине тыюу салган эле.

Ушул айдын башында болсо Крымдын аннексияланышы менен Украинанын чыгышындагы окуяларга катышы бар делген 40 орусиялыктын жана эки компаниянын активдерин жапкан. (UE)

XS
SM
MD
LG