Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:00

Ош мэри 300 спортчу менен веложүрүшкө чыкты


Бүгүн Ош шаарында өлкөнүн Эгемендик күнүнө карата шаардын жаштар комитети тарабынан «Ден соолук марафону» аттуу веложүрүш уюштурулуп, ага 300дөн ашык жаштар менен кошо шаар жетекчилиги катышты.

Алар шаардын борбордук аянтынан баштап, 10 чакырымдай шаар көчөлөрүн кыдырып чыгышты. Мэр Айтмамат Кадырбаев жаштарды сергек жашоого чакырган веложүрүш шаар күнүнө карата мындан дагы жакшы даярдык менен өтөрүн айтып, 10 велосипедди Терешкова мектеп интернатына тапшырды. Шаардык кеӊештин төрагасы Улан Примов, өзү айдап келген арабасын жүрүшкө чыккан балдардын бирине белек кылды.

Ош шаарында буга чейин веложүрүштөр болгону менен ага шаар башчысы катышчу эмес. Кезектеги веложүрүш акциясы Ош шаарынын күнүнө карата 5-октябда уюштурулат.(YI)

XS
SM
MD
LG