Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:26

УКМК журналистти сотко бергенин тастыктады


УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулаймановдун “Азаттыкка” билдиришинче, УКМКнын Ош облустук башкармалыгы “Фергана.ру” маалымат агенттигине макаласы жарыяланган журналист Шохрух Саиповду чакырып, макаладагы “атайын кызматтар 500 доллар талап кылды” деп айткан маалымат булагынын ким экенин сурашкан. Бирок Саипов бул тууралуу маалымат берген эмес.

“Алгач расмий эскертүү берилген. Бирок “атайын кызматтар 500 доллар алат” деген жалган маалымат коомчулукка тарап кетти да. Ошондуктан УКМКнын Ош облустук башкармалыгы өзүнүн аброюн, ар-намысын коргоо боюнча жарандык тартипте сотко арыз жолдогон. УКМК журналисттен коомчулук алдында туура эмес маалымат жазганын моюнга алып, символикалуу түрдө бир сом төлөшүн талап кылат. 20 миң доллар жөнүндө эч сөз болгон эмес ”,-деди Сулайманов.

Көз карандысыз журналист Шохрух Саипов УКМКнын Ош облустук башкармалыгы аны “Фергана.ру” сайтына 31-майда жарыяланган макаласы үчүн сотко берип, андан 20 миң доллар акча өндүрүп алганы жатканын билдирүүдө. Макалада аты жашырылган адам атайын кызматтын кызматкерлери динге байланышы бар адамдарды кармап текшерип, тыюу салынган уюмдарга тиешеси жоктугу аныкталса деле кое берүү үчүн 500 доллар талап кылганы туурасында айтып берген. Саипов макаладагы өздүк булактын аты-жөнүн жашыруун кармоого мыйзам жол берерин белгилейт.

Соттук териштирүү 28-августта болот. (AzK)

XS
SM
MD
LG