Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:12

Кино үйүндө Украинага байланыштуу тасма көрсөтүлгөн жок


25-августта Бишкектеги Кино үйүндө Украинадагы ыңкылап боюнча даректүү тасма көрсөтүү белгиленген. Бирок алдын-ала макулдашууларга карабай тасма көрсөтүү алдында жарык өчүрүлүп салынды. “Бир дүйнө” уюмунун лидери Төлөкан Исмаилованын билдирүүсүнө караганда, бул бийликтин кийлигишүүсү менен жасалды. Анткени Маданият жана маалымат министрлиги бул фильм көрсөтүлөрдөн мурун УКМКнын экспертизасынан өткөрүлүш керектигин билдирип, бирок оозеки түрүндө тасманы көрсөтүүгө макулдук берген. Кино башталарда болсо жарыкты өчүрүп салышты. Украинадагы ыңкылаптын катышуучулары тарткан фильм соңунда “Бир дүйнө” уюмунун кеңсесинде көрсөтүлдү. (AiT)

XS
SM
MD
LG