Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:33

Бала багуу кымбат түйшүк


Балалуу болуп, аны эрезеге жеткирүү дүйнөдө барган сайын кымбаттап баратат.
Балалуу болуп, аны эрезеге жеткирүү дүйнөдө барган сайын кымбаттап баратат.

Быйыл америкалыктардын бир баланы чоңойтууга кеткен каражаты орточо 245 миң доллар болуп эсептелди. Бала баккычтардын да маянасы улам жогорулап, эң кирешелүү кесиптердин тизмесине кирди.

Балага кеткен чыгым көбөйгөн сайын бала баккан тарбиячылардын да акысы өсүүдө. Маселен, америкалык катардагы бир үй-бүлө ай сайын орточо 1 380 долларды тарбиячыга берет. Ушундан улам көп энелер төрөгөндөн кийин жумушка чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап жатканын эксперттер белгилешүүдө.

- АКШда мурдагы жылдарга салыштырмалуу бала чоӊойтууга кеткен каражат 4% өсүп, 245 миӊ АКШ долларын түздү. Айрым штаттарда, айрыкча түндүк-чыгышта кирешени көп тапкан үй-бүлөлөр бир баланы 18ге чыгаруу үчүн 455 миӊ доллар жумшоодо. Ал эми жакыр үй-бүлөлөрдүн бир балага кеткен чыгымы 145 миң 500 доллар болду. Бул эсептөөгө үйдүн баасы, тамак-аш, жол кире, кийим-кечек, дары-дармекке кеткен акча, билим, бала баккычтын акысы жана оюнчук, эс алуу сыяктуу иш-чараларга кеткен чыгымдар жалпыланып киргизилген. Бул чейрек миллион долларга баланын 18ге чыккандан кийинки орто окуу жайына же университетте окуган акысы кошулган жок. Америкадагы көптөгөн үй-бүлөлөрдүн жалпы кирешеси 2008-жылдагы экономикалык кыйынчылыктан кийин 8% түшкөнүнө карабай, бала чоӊойтуунун наркы да барган сайын өсүүдө, - дейт АКШнын Мамлекеттик чарбачылык департаментинин экономисти Марк Лино.

АКШда 18ге чыккыча баланы чоӊойтууга кеткен каражат:

Үй жана транспорт: 107 970 АКШ доллары;

Бала баккыч жана билим берүү: 44 400 АКШ доллары;

Тамак-аш: 39 060 АКШ доллары;

Кийим-кече, оюнчук: 33 780 АКШ доллары;

Саламаттык жана дары-дармек: 20 130 АКШ доллары.

(Маалымат АКШнын Мамлекеттик чарбачылык департаментинен алынды).

Британияда бала баккычтын маянасы кымбат

Британиядагы ата-энелердин кирешесинин үчтөн бир бөлүгү бала баккычтардын айлыгын төлөөгө кетет. Бул жактагы бала баккычтар коңшу Германия менен Франциядагы кесиптештерине караганда төрт эсе көп табат.

Орточо кирешелүү ата-эне бир баласын аптасына 160 фунт стерлинг, же 300 АКШ долларына жакын акчаны бала баккычка берет. Лондондо жашап, кесипкөйлөргө адистик кеӊеш берүүчү Silverman Consulting компаниясын жетектеген Ольга Сильверман да бул өлкөдө саатына 15-20 фунт стерлинг акы алып иштеген бала баккычтар бар экенин жеке мисалы менен ырастады:

- Гезиттеги жарнамалардан бала баккычтар саатына 15-20 фунт стерлинг аларын окуп аябай таӊ калган элем. Натыйжада мен балама тарбиячыны тааныштар аркылуу сураштырып таап, саатына 8-10 фунт стерлинг төлөйүн деп макулдаштым. Менин оюмча, Англияда бала үчкө чыккыча энеси анын жанында болуп, бала баккычка таштабай, өзү тарбияласа арзаныраак болот. Үчкө чыккандан кийин гана баланы атайын мектеп же бала бакчага тапшырат. Таӊдан кечке чейин караган бала бакчалар деле бул өлкөдө арзан эмес.

Эл аралык Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму экономикасы ири делген дүйнөнүн 33 өлкөсүндө изилдөө жүргүзүп, Британ үй-бүлөлөрү кирешесинин 33%, Швейцарияда 30%, Жаӊы Зеландияда 28% бала баккычка беришерин аныктады.

Ал арада Кытайда жаӊы төрөлгөн ымыркайларды баккан тажрыйбалуу аялдарды эмгек акысы айына 19 800 юанга чыкты. “Алтын тарбиячы” деген статусу бар, мурдагы иш-тажрыйбасы мыкты тарбиячылар жаш энеге баланы алгачкы айда эле багышып, карашканы үчүн 9 800 юандан 20 миӊ юанга чейин эмгек акы алышат. Бээжиндин үй кызматкерлери компаниясынын баш менеджери Ли Жейлу мурдагы жылдарга караганда быйыл мындай бала баккычтарга талап жогору болуп жатканын айтып, тарбиячы болуу кирешелүү кесипке айланууда дейт.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG