Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:30

Президент чек арадагы абалды жөндөөгө бардык аракетти көрүүнү тапшырды


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөмбиевдин 25-августта кыргыз-тажик чек арасында болгон ок атышуу тууралуу маалыматын угуп, абалды турукташыруу үчүн бардык чаралады көрүүнү жана мамлекеттик чек араны кайтарууну күчөтүүнү тапшырды.

25-авгутта кечке жуук Лейлек районундагы Кулунду айыл өкмөтүнүн Сай аймагында тажик чек арачылары чек ара аныктала элек тилкеге 800-900 метр кирип келип, чек ара бекетин орнотууга аракет жасаган. Кыргыз чек арачылары ага жол берген эмес. Тажик тарап биринчи ок чыгарып, бул ирет да минамет колдонгон. Жергиликтүү тажик тургундары ал жердеги көпүрөнү бузууга аракет жасаган. 30 мүнөткө созулган атышууда кыргыз тараптан жабыркагандар жок. (AzK)

XS
SM
MD
LG