Бүгүн Газа шаарында Израил армиясынын аба соккусунан көп кабаттуу 2 имарат талкаланды. Чабуул тууралуу алдын-ала эскертилгендиктен, ал жерлерде эч ким жок болчу. Израилдин расмий өкүлдөрүнүн айтымында, имараттарда согушкерлердин кеңселери жайгашкан. Палестина тарабы Израилдин согуш учактарынын түн ичиндеги 15 чакты соккусунан 2 киши окко учуп, 25ке жакыны жараланганын билдирди.
Ал аралыкта Израил бийлиги Газадан 8 ракета атылганын, бирөө турак жайга тийгенин жана бир нече киши жеңил жаракат алганын маалымдады.
7 жумадан бери уланып келаткан кармашта палестиналык 2 миң 133 киши каза болду, 11 миңден ашууну жараланды. Израил тараптан 68 киши набыт кетти.
Египет Израилди жана Хамас уюмун Каирдеги сүйлөшүүлөрдү улантууга үндөдү.